«Биз мыйзамга эмес, сизге каршы чыгып жатабыз». Комитет жыйынында Бакасов менен Примов кайым айтышты

«Биз мамлекеттин мыйзамдарына каршы чыккан жерибиз жок. Биз сиздин алып барууңузга каршы чыгып жатабыз», — деди депутат Улан Бакасов. Ал бул сөздү бүгүн, 29-майда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Улан Примовго карата айтты.

Депутат 12 жылдык билим берүү боюнча сөз кылды. «Эмне болду ошол. Өттүбү же өткөн жокпу?» — деди депутат.

«Өткөн жок, өзүңүз беш колдой билесиз», — деди Примов.

«Эмнеге өткөн жок?» — деп Шайлообек Атазов сурады.

«Ал маселе ачык боюнча турат. Кол жете элек», — деди Примов.

«Эмдиги комитетте карайбызбы?» деген Бакасовго Примовдун «буюрса» деген жообу жаккан жок.

«Комитет менчигиңиз эмес да, айтыңыз», — деди Бакасов. 

«Менчигим эмес, мен өкмөттүн позициясына карап туруп, айтам. Эгер киргизе турган болсо, киргизишет, болбосо жок. Мен аларды «давай, киргиз» деп кантип айтам», — деди Примов. 

«12 жылдык боюнча экөөбүздө пикир келишпестик чыгып жатат. Ошонун тагдырын айтыңыз», — деди Бакасов.

Андан соң комитеттин төрагасынын орун басары Лейла Лурова кесиптештерин кийинки маселеге өтүүгө чакырды. «Келгиле, комитеттин маселелерин комитеттин ичинде чечели», — деди ал.