«Бизде кызык иштер болуп жатат». Кадыркуловдун элчи болуп дайындалышы Жогорку Кеңеште талаш жаратты

«Бизде кызык иштер болуп жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Кыргыз мамлекетинин Украинадагы элчиси болуп Идрис Кадыркуловдун дайындалышы боюнча пикирин билдирип жатып айтты.

«Биринчи күнү эл аралык иштер боюнча парламенттин комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилик кызматына талапкерди караганбыз. Ал комитетте колдоо тапкан жок. Бирок аны бекитип коюшту. Бул туура эмес болуп калды. Мындай боло турган болсо, анда Тышкы иштер министрлиги комитетке алып келбей, өздөрүнүн иштерин кыла беришпейби?» — деди депутат.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов өлкө башчысы Садыр Жапаров элчини Баш мыйзамга ылайык дайындаганын билдирди.

Бул учурда Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев да өз позициясын билдирди. «Урматтуу президенттин өкүлү, эгерде мындай экенин билсеңер, парламентке элчинин талапкерлигин эмнеге алып келдиңер? Силер мындай кадамыңар менен Жогорку Кеңеш менен президентти ыңгайсыз абалга коюп жатасыңар. Мындан ары элчилерди парламентке алып келбегиле», — деди депутат.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов эл өкүлүнүн сөзүн туура деп, мындан ары бул сыяктуу окуя кайталанбай тургандыгын айтты.

Кечээ, 25-январда Идрис Кадыркулов Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси болуп дайындалган. Андан бир күн мурда анын элчилик кызматка талапкерлиги парламенттин профилдик комитетинде көпчүлүк добуштун негизинде жактырылбай калган. Буга байланыштуу президенттин маалымат катчысы «Өлкө башчысы Жогорку Кеңештин макулдугу жок деле элчи дайындоого укугу бар» деген.