«Бокстун кесепети тийген окшойт». Маматалиев менен Атазовдун ортосунда түшүнбөстүк жаралды

«Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеш башка бир нукка түшүп алды. Такыр башка жолго түшүп алдык. Күндө шоу, күндө «скандал». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Шоу же «Дом-2″ башталды деп калышты. Ачык айтып жатам. Эң аягында ич ара сүйлөшүп албайлыбы? Каякка бара жатабыз, эмне болуп жатабыз, карап алалы. Аппараттагыларга акча берилбей жатыптыр», — деди Маматалиев.

Шайлообек Атазов микрофонго чыгып, Маматалиевге жооп берди. «Кесиптешибиз шоу деп жатпайбы. Алар Акылбек Жапаровго кирип, каалаган жерге кадрларын коюп, өкмөт менен ымалашып отурат. Табакташ. Аларга шоу, бирок депутатты 3 прокурор кирип, алып кетип жатат. Биз эмне Батукаев же Кадыржан Батыровбузбу? Биз 120 миң долларын алып чыгып кеткен ишкерди коргоп жатабыз. Биз мыйзамдуу мамлекетте жашап жатабыз. Адвокат болбогула. Эмнеге карапайым эле ыйлап калышы керек?» — деди Атазов.

Марлен Маматалиев Атазов аны түшүнбөй калганын айтты. «Бокстун кесепети тийген окшойт. Сиз жакшы түшүнбөй калган окшойсуз. Мен ошол үчүн шоу деп жатам, Конституция тебеленип жатат. Алып кетип жатканын шоу деп жатам. Ошол шоу эмей эмне? Мыйзам бузулуп жатат. Мен тескерисинче депутаттарга адвокат болуп жатам. Кызык немесиз го», — деди ал.

Шайлообек Атазов туура эмес түшүнүп алганын моюнуна алды.