«Болот Назаров баңги затын такай колдонот экен». Ташиев кармоо боюнча эмне деди?

«Болот Назаров деген комузчу жигит бар эле, ал Temirov LIVE каналы менен чогуу иштейт экен, Болот Темировдун да жакын досу окшойт. Анан бул бала, Болот Назаров баңги затты такай колдонот экен». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда маалымат жыйында билдирди.

Ташиевдин айтымында, Болот Назаровдун үстүнөн 1-2 арыз түшүп, анда Temirov LIVE каналынын кеңсесинен баңгизат алып чыгып, таркатылып жатат деп жазылган. «Болот Назаров менен анын жанындагы кыздын канынын анализинен баңгизат бар болуп чыкты. Болот Темировдун канынын анализи таза чыкканына сүйүндүм. Бул анын жазасын жеңилдетет. Бүгүн алардын баш коргоо чарасы каралат экен. Болот Темировду камабастан эле иликтөө иштерин жүргүзө берсе болот дегенге негиз берет», — деди УКМКнын төрагасы.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, бул ишке УКМКнын тиешеси жок жана кармоого «Альфанын» кызматкерлери барган эмес. Ал эми кеңседеги тинтүүдөн кийин компьютерлерди алып чыгып кетишкени тууралуу иликтөөдөн кийин кайтарылып берилерин айтты.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти.