БШК Кудрет Тайчабаровго чара көрүү сунушун президенттик администрацияга жөнөттү

Борбордук шайлоо комиссиясы «Бишкек» эркин экономикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаровду карындашы, президенттин кеңешчиси, «Ынтымак» партиясынын талапкери Адинай Мариповага үгүт жүргүзүп, шайлоо эрежелерин бузду деп тапты.

Кудрет Тайчабаровго чара көрүү сунушу президенттин администрациясына жөнөтүлдү. Ал 24-октябрда өзүнүн Facebook баракчасына Адинай Мариповага арнап пост жазган. .

Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери 29-октябрда башталган.