БШК Талант Мамытов боюнча Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-октябрда Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кассациялык даттануу берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

28-октябрда Бишкек шаардык Административдик соту өз чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-октябрындагы чечиминин №7 талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу жана “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгүн жокко чыгарган.

«БШК «Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык талапкер Жогорку Кеңештин депутатын же президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы болуп саналса, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтоторун эске салат. Жогорку Кеңештин төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине ылайык саясий мамлекеттик кызмат орундарынын катарына киргизилген. Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары каттоодон баш тартылды, ал “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылды«, — деп айтылат маалыматта.