Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарышка ат салышам деген жарандар тапшырган шайлоочулардын кол тамгаларын электен өткөрдү.
Шайлоочулардын кол тамгалары коюлган баракчаларды текшерүүдө бүгүнкүнүн тили менен айтканда эң көп фейк кол тамгалар Садыр Жапаров тапшырган кагаздардан аныкталды. Жапаров Садыр Нуркожоевич 59 998 кол тамга тапшырган болсо, анын ичинен 30 032 гана кол тамга анык болуп чыккан.
Эске салсак, мыйзам талабы боюнча Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына ат салышам деген жаран 30 000ден кем эмес шайлоочулардын кол тамгасын чогултуп БШКга тапшыруусу керек.
Президенттик кызматка талапкер болом деп кайрылган 65 жарандын ичинен учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын элегинен 18 жаран өттү. Алар: Бабыржан Тольбаев, Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров, Адахан Мадумаров, Абдил Сегизбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Мыктыбек Арстанбек, Клара Сооронкулова, Рашид Тагаев, Бактыбек Калмаматов, Каныбек Иманалиев, Имамидин Ташов, Канатбек Исаев жана Улукбек Кочкоров.
Ал эми Кубан Чороев БШКнын чечимине макул эмесмин деп сотко кайрылды.