Бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт

Бүгүн, 27-майда президент, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында жыйын өтөт.

Саммиттин күн тартибинде кеңейтилген жана чакан чөйрөлөрдө 15 маселени талкуулоо пландалган, анын ичинде ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын ишке ашуусу жана башка.

Жыйынга Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкө лидерлери катары Шавкат Мирзийоев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышат.

2022-жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылууда.