«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы: «Кемпир-Абад боюнча жолугушууга даярдалган адамдар киргизилип, карапайым эл көчөдө калды»

«Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков тараткан билдирүүсү анын компетентсиз жана сабатсыз экендигин билдирет». Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы жазды.

«Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунда президент жана Жогорку Кеңешинин депутаттары “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча эл менен жолугушуусу өтүп жатат. Ал жолугушууга даярдалган адамдар алдын ала имаратка киргизилип, карапайым эл көчөдө калган. Президенттин маалымат кызматынын башчысы Орунбеков жыйын өтүп жаткан учурда одоно түрдө элди бөлүп жарып, жыйынга кирбей калган жарандарга, түз эфир аркылуу чагылдырып жаткан ЖМК өкүлдөрүнө ишенбөөгө чакырып, өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу тараткан маалыматы бүтүндөй элдин көңүлүн ирээнжитти. “Урматтуу” азаматтар! Силерге жана кожоюндарыңарга эл биринчи, экинчи, үчүнчү сорт же болбосо Мадумаровдун тарапташтары, же башканын тарапташтары деп бөлүнсө, биз үчүн баары бир эл!» — деп жазылат маалыматта.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси бул билдирүүгө чейин соцтармактагы баракчасына «эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди» деп жазган.