«Бүтүн Кыргызстан» Кыйноолорду алдын алуу борборунун директорун Акыйкатчы кызматка сунуштады

Бүгүн, 16-майда «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына Рысбеков Бакыт Токталиевичтин талапкерлигин сунуш кылды. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынын консультанты Мирбек Мунарбек уулу билдирди.

Рысбеков Бакыт Токталиевич 2020-жылдын август айынан тартып Кыргыз Республикасынын кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору кызматын аркалап келет.