«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын өкмөттү отставкага кетирүү сунушу четке кагылды

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын өкмөттү отставкага кетирүү сунушу четке кагылды.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын Министрлер кабинетин отставкага кетирүү сунушун карап, четке какты.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетин толугу менен кызмат орундарынан бошотууну сунуштаган.