«Бүтүн Кыргызстандын» өкмөттү отставкага кетирүү сунушу Жогорку Кеңеште четке кагылды

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетин отставкага кетирүү боюнча “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын сунушун четке какты.

Добуш берүү учурунда Акылбек Жапаровдун отставкасын 9 гана эл өкүлү колдосо, 48и каршы болду.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетин толугу менен кызмат орундарынан бошотууну сунуштаган. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын Министрлер кабинетин отставкага кетирүү сунушун карап, четке каккан.