«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров добуш бийликчил төрт партияга бөлүнүп калганын сынга алды

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын сайтында 1 миллиондон ашуун добуш бийликчил төрт партияга бөлүнүп калганын сынга алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, ийгиликке кечээ пайда боло калган төрт партия жетишип калды. «Мына көрдүңүздөр, бир аз убакыт мурда эле БШК жалпы 1,2 миллон чамалуу шайлоочу добуш берди деп маалымат берип жаткан. Мына, азыр көрүп турасыздар, бийликчил төрт партия миллион чамалуу добуш алды деген маалымат пайда болду. Калган үч партияга 200 миң добушту кантип бөлүп берет? Мен шайлоо учурунда бийликтин — эки достун жана элдин таймашын гана көрдүм. Азыр эми кечээ пайда боло калган төрт партия ийгиликке жетишип жатат»,- деди ал. Лидер аралаш система менен шайлоого добуш берүүнү шайлоочулар түшүнбөй калганын да кошумчалады.

Добуш берүү аяктагандан кийинки алгачкы баштапкы жыйынтыктарда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы 11,13 пайызга жеткени кабарланган. Көп өтпөй БШКнын сайтындагы добуштарды саноо системасы бузулуп калганы айтылды. Андан кийинки көрсөткүч боюнча «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы 6,82% добушка ээ болду.