«Биздин сууну ресурс катары эмес, керек болсо топтолуп турган көлү менен кошо өткөрүп берип жатабыз», — деди Эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутат Адахан Мадумаров.
«Кыргызстан өзүнүн келечегин ойлобогон кайдыгер өлкөгө айланып калдык. Сиз айтыңызчы, сырттан ташылып келген көмүрдүн акчасына ички резервдерди канчалык деңгээлде көтөрсөк болот? 200 миллион доллар жеңил акча эмес. 25 миллион кредит алабыз деп, алардын шарттарына макул болуп жатабыз. 200 миллионду жөн эле ыргытып жатабыз, күл болуп жатат. Биз кошуна мамлекеттердин көмүр өндүрүүчүлөрүн колдоп жатабыз», — деди депутат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев күл болуп чыкпай эле, шаарга жылуулук чыгарып берип жатканын айтты. «Ал эми кошуна мамлекеттер менен суу берип, анан алардан электр энергиясын ала турган товар алмашуу боюнча мурда андай болгон эмес. Азыр Казакстан жана Өзбекстан менен мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.
«Ушундай жаман адатка түшүп алдыңар. Бизге чейин болгон эмес деген. Сиз министр деңгээлиндеги кишисиз. Сиз тарыхын карап көрүңүз. Кыргызстан жыл сайын сатып келген. Ушуну билип алыңыз. Ошону кайсы акча менен сатып алып келишкен? Эмне шарт менен сатып алышчу?» — деди депутат.
Буга министр «өлкөдө 15 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясы өндүрүлөт, буга чейин электр энергиясы ашыкча болгон үчүн сатканбыз, азыр керектөө өндүрүштөн ашып кетти» деп жооп берди. «Мен сиздин сурооңузга жооп берип жатам да. Сиз суроо берип жатасыз дагы, уккуңуз келбей жатат. Укканды да билиңиз», — деди министр.
«Мен суроону сиздин баш айландырма жоопторуңуздан кийин берип жатам», — деди депутат.
«Сизди Мадумаров менен айтышып кел деп тапшырма алдыңызбы?» — деди депутат.
«Мен угуп, жооп берейинби, угуп анан жооп берип жатам», — деди министр.
«Чектен чыгып, жүгөндү үзүп алган экенсиз», — деген депутат жоопторуна нааразы болду.