Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президенттеринин жолугушуусу башталды

Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин Экинчи жолугушуусу башталды.

«№2 мамлекеттик резиденциясынын» Конгресс-холлуна кирердин алдында Садыр Жапаров делегация башчыларынын ар бирин — ЕБ президенти Шарль Мишелди, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин — Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесовду тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусу өтө турган жыйындар залына киришти.