«Чукулашмай, ушак таратмай, жамандоо». Депутат парламенттин кадыр-баркы түшүп кеткенин айтты

«Бүгүнкү күндө парламенттин кадыр-баркы түшүп кетти», — деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев.

Анын айтымында, буга объективдүү жана субъективдүү себептер бар. «Акыркы 30 жыл аралыгында Кыргызстандын саясаты чукулашмай, ушак таратмай, бири-бирин жамандамайга өтүп кетти. Келгиле, жаңы саясий принципке негизделген жаңы саясий кадамдарды баштайлы, ынтымакка келели. Мамлекет да кичинекей үй-бүлөдөй. Ынтымакка келчү учур келди. Жаштарга бут тоспой, кадрларды өстүрүп, жаркын келечекке кадам таштоо учуру келди. Кыргызстандын келечеги сөзсүз болот. Кыргызстан кадыр-барктуу ордун дүйнөлүк аренадан сөзсүз табат. Ушул трибунада ушак эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын эске ала турган улуу сөздөр айтылса деген тилегимди айткым келип турат», — деди ал.