Чүй облусун Канат Жумагазиев жетектемей болду

Жумагазиев Канат Сагынович президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини президенттин администрациясынын башкармалыктарынын биринин начальниги Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Кечээ, 6-мартта президент Садыр Жапаров жумушчу кеңешме өткөрүп, анда ал президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырган болчу.