«Чыныгы баатыр уулдарды төрөгөн экенсиздер, башымды ийип таазим кылам». Садыр Жапаров каза болгондордун апаларына кайрылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстандын элине кайрылуу жасады.

«Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, Кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап өстүргөн энелерге айтаарым, сиздер чыныгы баатыр уулдарды төрөгөн экенсиздер, сиздерге башымды ийип таазим кылам. Алардын ар биринин эрдиги Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Мекен чегин коргоп, курман болгон ар бир жоокердин ата-энелери менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар! Баатыр уулдарыбызга бүгүн бүт Кыргызстан эли башын ийип таазим кылып, аза күтүү менен бирге чын дилдеринен ыраазы болуп сыймыктанышууда.

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дейт, керек болсо, ар бир эр жигит Ата Журт үчүн канын-жанын аябаган деген мына ушул эмеспи. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чекти эч ким буза албайт. Биз буга бекем ишенебиз. Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнубузга алабыз», — деди өлкө башчысы.