Дагы бир фракция Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөттү

“Ата Журт Кыргызстан” фракциясы Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөтүүдө. Мындай чечим фракциянын жыйынында кабыл алынды.

Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ал Конституциялык мыйзамдар комитетине жөнөтүлдү. Атыр Абдрахматованын талапкерлигин “Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ынтымак” фракциялары да колдогон.

Мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов 2021-жылдын 18-октябрында парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматынан кеткен.