Дастан Бекешев чек арадагы кол салуу боюнча: «Саясатты унута туруу керек»

Тажикстандын кол салуусунан 59 кыргыз жараны шейит кетти. Мындан улам депутаттарга «Бул окуядан улам бийликке койгон талабыңыз жана жардамыңыз эмне болот?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мындай окуялар катталганда ички саясатты унутуу керек. «Мындай учурда баарыбыз бир болушубуз керек. Менимче азыр бийликке жардам берүү зарыл. Бул окуя бүткөндө ичте болгон көйгөйлөрдү айтам», — деди ал.