Депутат: «6 айда 37 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган»

Орусия Орусиянын жарандыгын алган мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын өлкөдөн чыгарбоо боюнча мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу депутат Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аларды чек арадан Украинадагы согуштун айынан чыгарбай жатат. «Аларга аскерден качкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги эскертилүүдө. Орус жарандыгын алган мекендештерибиз бул жакта жүргөндө тынчсызданып жатышат. Эгерде жалпы мобилизация жарыяланса, анда биз элибизди коргой албайбыз, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда кош жарандуулук боюнча келишим жок», — деди ал.

Орусия депутат белгилегендей, Кыргыз жарандыгын тааныбайт, андыктан азыр Кыргыз Республикасынын тургундары чочулап жатышат. «Орусияда азыр аскердик билети жок деле жарандыкты кабыл алышат, башкача айтканда, жарандык алууну жеңилдетип коюшту. Акыркы 6 айда эле 37 миң кыргызстандык Орус жарандыгын алган. Жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл», — деди ал.