Депутат Айгүл Айдарова: «10 жыл мурда ажырашып кеткем, учурда 2 баламды тарбиялап келем»

«Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабыздын кезектеги каарманы Айгүл Айдарова жана анын кабинети болду. «Ак Үйдөгү эң арзан кабинет меники. Диваны, полу күйүп кеткен, креслосу жок, компьютери иштебеген кабинет беришти» дейт ал.

Ал ошондой эле жеке жашоосу тууралуу суроого жооп берип жатып, учурда жалгыз 2 баласын тарбиялап жатканын айтты. «10 жыл мурда ажырашып кеткем. Азыр жылгыз 2 баламды өстүрүп жатам. Жалгыз бой энелерге азыр өтө оор, ошондуктан аларга аз болсо да жардам берем», — деди ал.

Ал күчтүү айымдын жанында күчтүү мырза болушу керектигин айтат. «Эки эсе күчтүү мырза болушу керек. Кудай буюрса, жакшы адам чыгар. Азыр издебей элем», — дейт ал.