Депутат: «Айыл Банктын» мурдагы бөлүм башчысы бир нерсе билгени үчүн ага кысым болгондур»

Депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында «Айыл Банктын» мурдагы бөлүм башчысы Бакыт Асанбаев бир нерсе билгени үчүн ага кысым болгонун божомолдоду.

«Ушул жылы Садыр Жапаров УКМКга жана Башкы прокуратурага «Айыл банк» боюнча тапшырма берген. Ошол тапшырма боюнча иш козголуп, «Айыл банктын» мурдагы бөлүм башчысы СИЗОдо отуруп, ушундай окуя болуп калды. Кредиттер боюнча маалыматты кайдан алсак болот? Балким, бул киши кандайдыр бир маалымат билген, мүмкүн ага кысым көрсөтүлгөн. Ушул маалыматтарды алсак жакшы болмок. Улуттук банк аркылуу маалымат алсак болобу?» — деп сурады.

Улуттук банктын өкүлү бул маселе укук коргоо органдары жана Эсеп палатасы тарабынан текшерилип жатканын билдирди.

«Биз күнөөлүүлөрдү издеп жатабыз. Киши асынып алды, же асып коюшту. Кыязы аны асып коюшту. Балким, ал таасир эте турган нерсени билгендир», — деди депутат.