Депутат: «Айыл чарба министри кызматын тапшырып, дарылансын»

«Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков эмне үчүн комитеттин жыйынына келген жок?». Мындай суроону бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Алишер Козуев берди.

Буга айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов министр ооруп, эмгек өргүүсүндө экенин билдирди.

«Силер дароо эле ооруп каласыңар, эмгек өргүүсүндө экениңерди шылтоо кыласыңар», — деди депутат. Ал эгер министр ооруп калса, ыйгарым укуктарын тапшырып, дарыланууга барышы керек деп эсептейт. «Анын ордуна оорубаган, таза, иштөөгө даяр адам келиши керек», — деди ал.