Депутат: «Алымкадыр Бейшеналиевдин кылмыш иши боюнча комиссия түзүлгөн эмес деп ойлойм»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча түзүлгөн комиссиянын иштеген ишин байкай элекмин. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

«Эгер анын курамын жарыялабаса, анда комиссия жок деп ойлойм. Тергөө жүрүп жатканда комиссия түзгөн болбойт. Мыйзамсыз деп айтуу катуураак болуп калат, мен негизсиз деп ойлойм. Бүгүнкү күнгө чейин комиссиянын иштегенин, түзүмүн көргөнүм жок. Тергөө жүрүп жатса керек, ага кызыкканым деле жок», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, 2-июнда кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комментарий берип, ал боюнча комиссия түзгөнүн билдирген болчу.