Депутат: «Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалабы же жеген акчасын береби?»

«Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков деген болгон. Анын чөнтөктөш, табакташ досу Төрөбай Зулпукаров экөөнө иш козголуп, 2 ай түрмөдө отуруп чыгышты. Ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок». Бул туурауу депутат Жеңишбек Токторбаев жыйында билдирди.

«Бул экөө кармалабы же жеген акчасын өкмөткө төгөбү? Ушул маселени элге айтып койбойбузбу? Чоңдор менен куда-сөөк болгондон кийин унутуп калабы?» — деди депутат.