Депутат Атазов 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө жалгыз жөнөтпөөнү көтөрүп чыкты

Бүгүн, 9-июнда депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө жалгыз жөнөтпөөнү көтөрүп чыкты.

«18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энеси менен чыгарсак. Же турмушка чыккандан кийин барышса… Ушул багытта миграция тармагы биздин комитетке келип, маалымат берсин. Бул боюнча мыйзамдарды да карашыбыз керек», — деди депутат.