Депутат Атазов иштеген жарандарга айлыгынан 200 сомду аскердик техника сатып алууга которууну сунуштады

Депутат Шайлообек Атазов иштеген жарандарга айлыгынан 200 сомду аскердик техника сатып алууга которууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-октябрда парламенттин комитеттик жыйынында билдирди.

«Альтернативдүү кызмат өтөө үчүн жаңы нормаларды кийирүү керек. Ошондой эле армияга бардык улуттун өкүлдөрү барышы зарыл. 18 жаштан улуу иштеген жарандар айлыгынан 200 сомду аскердик техника сатып алуугу которууну да сунуштайм. Эгерде 1 миллион киши которсо, айына 200 миллион сом чыгат. Жакынкы 5 жылга ушундай кылуу керек. Ар бир мекенчил макул болот деп ойлойм», — деди ал.