Депутат Атазов: «Кымбатчылык элди муунтуп жатат. Бул маселеде Бажы кызматынын таасири чоң»

«Кымбатчылык элди муунтуп жатат. Бул маселеде Бажы кызматынын таасири чоң». Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

«Күткөн күн да келип, бүгүн өкмөттүк саат болот экен. Азыр мамлекетибизде кымбатчылык элибизди бир аз муунтуп келе жатат. Бул маселеде Бажы кызматынын таасири чоң. Өкмөттүк саатка Бажы кызматынын жана Салык кызматынын башчысын да чакырып койсоңуз», — деп депутат төрагага кайрылды.