Депутат Атазовдун демилгеси боюнча: «18 жашка толгон адам өзүнө-өзү жооптуу»

Өткөн аптада депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө жалгыз жөнөтпөөнү көтөрүп чыккан. Бул өз учурунда депутаттын демилгесине каршы бир эмес, эки акциянын өткөрүлүшүнө түрткү болду. Мындан улам, SUPERTV каналы депутаттарга кесиптешинин демилгеси боюнча суроо салып кайрылдык.

Депутат Кундузбек Сулайманов 18 жашка толгон адам өзүнө-өзү жооптуу деп эсептерин айтты. «Кыз киши, эркек киши деп жарандарды бөлбөшүбүз керек. Алардын ата-энеси бар. Ошондуктан өз эрки, ата-энесинин чечими», — деди ал.