Депутат Бакасов Эдил Байсаловго: «Эсиңиз барда, этегиңизди жыйыңыз»

«Урматтуу, Эдил Байсалов сизди жанатан бери карап отурам, этикаңызды оңдоңуз», — деди Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Улан Бакасов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылып.

«Мен сизге жердешиңиз катары айтып жатам. Эсиңиз барда, этегиңизди жыйыңыз. Бул жерге отуруп алып, депутаттарга ар кайсы нерсени айтпаңыз. Бизге болгон мамилеңизди оңдоңуз», — деди ал.

Байсалов: Анан эмне сиздер кагып-силкип…

Бакасов: Мен кагып-силкиген жокмун. Эсиңди жый деп жатам.

Микрофон өчүк болгондуктан Эдил Байсаловдун депутатка берген жооптору угулган жок.