Депутат Балбак Түлөбаев Тажикстандын президенти менен коргоо министрине кайрылды

Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында Тажикстандын президенти менен коргоо министрине кайрылды.

«Тажикстандын аскерлери мындан ары биздин жерге машыгууга келбесин. Октябрда болот экен. Биз аларды такыр күткөн жокпуз. Келсе бул жакта чатак чыгат. Экинчи Тажик аскерлери Кыргыз аймагына кирбесин. Биздин аскерлер да барбасын. Кереги жок бизде. Намысыңар болсо аскерлериңерди Кыргызстанга машыгууга жөнөтпөй эле койгула, биз аларды күтпөйбүз», — деди ал.