Мадумаров жүктөрдү өткөрүүнү кармоо боюнча: «Башка өлкөнүн чөнтөгүнө урмайынча маселе чечилбейт»

«Эгерде өлкө импорттолуп жаткан товарды өткөрбөй, жүктү кармап, кыянаттык менен залал келтирсе, анда ошол мамлекет чыгашаны төлөп берүүгө милдеттүү деген позиция кириши керек». Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда билдирди. 

«Мына ошондо Кадамжай, Баткен, Ысык-Көлдөн келе жаткан жер-жемиштер, өтүп бараткан өрүктөр токтоп турбайт. Себеп, далилденет, анын чыгашасын токтотуп турган мамлекет милдеттүү төлөшү керек болот. Адамдын чөнтөгүнө урмайынча, адам сезбейт», — деди ал.