Депутат Бекешев: «5 маал намаз окуган депутаттар казинону колдоп жатышат»

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар казино ачуу тууралуу мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Жыйында депутат Дастан Бекешев динге байланбаганын айтып, 5 маал намаз окуган депутаттар казинону колдоп жатышканын айтты.

«Кечиргиле, ачуу чындык ушундай экен. Кээ бир коллегалар 5 маал намаз окуп, казинону колдоп жатышат. Ушуну айтканга мажбур болдум», — деди ал.