Депутат Бекешев: «Тергөөчү аянттан көргөнүмдү билүүгө аракет кыла берди. Сурак күлкүлүү болгон»

«Тергөөчү аянттан көргөнүмдү билүүгө аракет кыла берди. Сурак күлкүлүү болгон». Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.

«2020-жылы орун алган Октябрь окуясындагы башаламандык боюнча иликтөө башталганда тергөөгө түрдүү саясий ишмерлерди, жарандык активисттерди чакырып жатышты. Алардын катарында мен да бар элем. Тергөөчү аянттан көргөнүмдү билүүгө аракет кыла берди. Сурак күлкүлүү болгон. Мен ошондо 5 жана 9-октябрдагы окуялар боюнча ишти иликтөө стадиясында эле токтотушат деп ойлогом. Анткени бийлик өзүн өзү кантип соттомок эле? Бирок иш сотко өттү. Мыйзамдуу, акылга сыйган жана актоо өкүмүн кабыл алуу үчүн мамлекет ресурс коротуп, соттук процесстеги айрым катышуучулардын саламаттыгын алды. Тергөөчүлөр ишин уланта беришет, а бирок айрымдарга ашыгы менен эркиндиги чектелгенден кийин ден соолугун калыбына келтирүүгө туура келет», — деп жазды депутат.