Депутат Бекешев: «Бири-бирибизге тийишпейли. Мандатты сыйлайлы»

«Бири-бирибизге тийишпесек. Депутат ар бири өзү билет. Эл дагы аны билет». Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Бири-бирибизге баа бербейли. Азыр бири-бирибизге тийишип баштайбыз. Бул туура эмес. Сыйлайлы, мандатты сыйлайлы. Пиар кылып жатат дедиңер. Шайлоо учурунда депутат болом деген киши пиар кылат, табияты ушундай», — деди Бекешев.