Депутат «Дастан» заводун «Талант» же «Алексей» деп өзгөртүүнү сунуштады

Депутат Дастан Бекешев “Дастан” ишканасынын аталышын өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында жазды.

Эл өкүлү Санариптик өнүктүрүү министрлигине кат жолдоп, анда заводду атоого боло турган көптөгөн кооз жана татыктуу аталыштар бар экенин, «Алексей» же «Талант» деген мисалдарды келтиргенин жазган.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигине Министрлер кабинетинин атынан бир нече мамлекеттик компаниялардын, анын ичинде «Дастан» заводунун акционери катары иш алып баруу укугу берилгени маалымдалган. Бул кабар Алексей Ширшовдун өлкөгө кайтып келишине байланыштуу кызуу талкууну жаратты. Санариптик өнүктүрүү министрлигин Ширшовдун мурдагы айдоочусу Талант Иманов жетектейт.