Депутат: «Эгер мигранттарга шарт түзүп бере албасак, жок дегенде балдарын карап берели»

Кадамжайда окуучу кыздын кордолуп, өлтүрүлүшү коомчулукту дагы бир ирет селт эттирди. Мындан улам депутаттарга «Бул сыяктуу резонанстуу окуялардын кайталанбашы үчүн дагы эмне кылуу керек? Эмне жетишсиз болуп жатат? Мындай окуялардан кийин жакындарыңыз үчүн чочулайсызбы?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков «окуя болуп кеткенден кийин ызы-чуу салып калабыз, аны жазалап коюш аз» деп эсептейт. «Башын кесип салсак да аз. Ошого барып жаткан адамдын мээсине келбейт, эртең эркимден ажырайм дебейт. Эгер мамлекет миграцияда жүргөн адамдарга шарт түзө албаса, жок дегенде балдарын карап берели. Экинчиден, 2-3кө чейин балдарын таштап коюп тойлоп жүрөбүз, балдардын эмне кылып жаткандарынан иштери жок. Коом оңолушубуз керек», — деди ал.