Депутат: «Эгер Украинада жаңжал ырбап кетсе, Кыргызстандын экономикасы оор абалга кептелет»

«Мен Украинадагы жаңжал курчуп кетпейт деп ойлойм». Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов SUPERTV телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө айтты.

«Жаңылыктардан окуп жатам, Зеленский сүйлөшүүгө даяр экенин айтты. Эгер жаңжал ырбап кетсе, Кыргызстандын экономикасы оор абалга кептелет», — деди ал.

Ал ошондой эле, президенттин айланасындагы сын-пикирлерге токтолду. Анын айтымында, кадрдык туруктуулук болушу керек. «Менин билишимче, Бишкектин мурдагы мэри президенттик аппаратка келди. Бүт бийлик президентке өткөн. Акыркы жүрүштөрдү президент кадрларды тандоо үстүндө болуп жатса керек», — деди ал.