Депутат: «Элди мазактап жатышабы? Оштун мэрин себепсиз эле алмаштыра беришеби?»

«Элди мазактап жатышабы? Оштун мэрин себепсиз эле алмаштыра беришеби?». Мындай суроону депутат Айбек Осмонов бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңеште аткаруу бийлигине дарек кылып берди.

«Кечээ Ош шаарынын мэри алмашты. Аткаруу бийлиги убактылуу бирөөнү коюп, каалаганда алып сала турган жерби? Ушул күнгө чейин Ош шаарында таза суу, газ жок. Ош менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоону анда элге берели. Элди мазактаганыбы? Мэрди койду, ага чейинкиси жакшы иштеп жаткан, аяктабай калды. Эл менен эсептешүү керек», — деди ал.

Кечээ, 29-ноябрда Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетовдун ордуна Бакытбек Жетигенов дайындалган.