Депутат Жамгырчиев: «Электр энергиясынын тарифин жогорулатуу замандын талабы»

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада «май айынан электр энергиясынын тарифин 77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз» деди. 2010-жылы Курманбек Бакиевди бийликтен кубалоонун себептеринин бири жарыкка болгон бааны жогорулатуу болгон эле. Депутаттар кезектеги кымбаттоого кандай карашат, ай сайын электр энергияга канча төлөшөт?

Депутат Эмил Жамгырчиевдин айтымында, бул заманга ылайык деп эсептейт. «Азыр бардыгы кымбаттап жатат. Нефть күндөн-күнгө кымбаттоодо. Бул биздин гана мамлекетке тиешелүү эмес. Учурда биздин колубузда кымбаттайт деген документ жок. Нааразычылык болот, болбой койбойт. Мен айына 1,5-2 миң сом төлөйм. Кышкысын газ менен колдонобуз. Ага 25 миң сомдой төлөйбүз», — деди ал.