Депутат Эмомали Рахмонго берилген “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын жокко чыгарууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан Эмомали Рахмонго “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилген чечимин жокко чыгарууну суранды. Бул тууралуу депутат Телеграмдагы каналында билдирди.

Тажикстандын президенти бул наамды 1999-жылы алган, анда шаардын мэри Феликс Кулов болгон. Сыйлык тапшыруу аземине ошол мезгилдеги президент Аскар Акаев катышкан. 

Бишкектин мурдагы мэри Феликс Кулов активисттердин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Кыргызстандын борборунун ардактуу атуулу наамынан ажыратуу чакырыгын колдой турганын билдирди. «Учурдагы окуяларды эске алуу менен бул туура чечим деп эсептейм» деген ал Эмомали Рахмонго Бишкектин ардактуу атуулу наамын ыйгаруу Аскар Акаевдин демилгеси болгонун билдирди.