Эрулан Кокулов чек арадагы кол салуу боюнча: «Депутат болгонум үчүн көп сырды айта албайм»

Тажикстандын кол салуусунан 59 кыргыз жараны шейит кетти. Мындан улам депутаттарга «Бул окуядан улам бийликке койгон талабыңыз жана жардамыңыз эмне болот?» деген суроо менен кайрылдык.

Эрулан Кокуловдун айтымында, ал депутат болгону үчүн көп сырларды айта албайт. «Кээ бир минустар бар. Аларды оңдоого аракет кылабыз. Бул агрессия, аны эч ким алдын ала биле албайт. Аны да сураштырабыз. Жооп укканга аракет кылабыз», — деди ал.