Депутат Гүлшаркан Култаева ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо

Гүлшаркан Култаева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Депутат Гүлшаркан Култаеванын айтымында, бул мыйзам өзүбүздүн азык-түлүк продукциябыздын коопсуздугун алдын алуу жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында айрым актылары өзгөртүлүп жатат. «Өндүрүшчүлөргө колдоо керек. Өндүрүлгөн товарды соода маркеттерине алып келип, андан аркы сатууга коюу үчүн ортодо көптөгөн бонустар алынат экен. Ошону мыйзамдын негизинде 5 пайызга чейин түшүрүүнү иштеп чыктык. Ошондой эле товарды текчеге коюу үчүн көп акча алышат экен. Ошол акчаларды азайтуу иштелип чыкты», — деди ал.