Депутат Икрамов эки жашик курал тууралуу: «Бул кичинекей эле ката эмес»

«Бул кичинекей эле ката эмес». Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентке алып келинген эки жашик курал тууралуу ушундай пикирин билдирди.

«Жогорку Кеңеш — бул бийликтин бир бутагы. Аны бийликтин дагы бир бутагы болгон өкмөт келип басып алуу дегендик. Бул окуяга сөзсүз укуктук баа берилет, бирок бүгүнкү күндө эмес. Эми бул кичинекей эле ката да эмес», — деди депутат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңешке курал алып барганы боюнча «Кичине ката кетирди. Эмоцияга алдырып койду» деген болчу.