Депутат Жогорку Соттун төрагасына: «Судьялар кымбат унааларды кайдан алып жатат?»

Депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков «Судьялар кымбат унааларды кайдан алып жатат?» деген суроо узатты.

«Жогорку Соттун имаратынын алдына барсаң жалаң кымбат баалуу BMW X7, Gelandewagen, Lexus 570, Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаалар турат. Судьяларда акча жок дейсиз, анда алар асмандан алып жатышабы же Кудай «сен Жогорку Соттун судьясы экенсиң, ме» деп бердиби?» — деди депутат.

Жогорку Соттун төрагасы буга жооп берди. «Мен да көрөм ошондой бай сотторду. Анан кээде «силердин самолёт, тик учагыңар дагы барбы?» деп тамашалап сурайм. Өзүңүздөр көргөндөй, акыркы күндөрү көптөгөн судьялар жумуштан кетишти, кээ бирлери кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышат. Негизи кыргыз элинин байыганы, соттор да, карапайым адамдар да, депутаттар дагы байыса, аябай сонун болот. Эми ыплас иштери менен байыганы болсо башка», — деди ал.