Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевди «каралар» менен байланышы бар деп айыптады

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министринин «черный хирург» деген каймана аты бар экенин айтты.

«Алымкадыр Бейшеналиевдин Рысбек Акматбаев менен байланышы болгон экен. Уюшкан кылмыштуу топтун ок тийген балдарын алып барып, операция кылып жүргөн. Балдарга жашыруун түрдө операция кылып жүргөн киши министр болуп отурат. Бул министрдин уюшкан кылмышуу топко тиешеси бар. Уят. Аконит деп, уу чыгарып, президенттин 1 жыл башын айлантты. Эми жалпы кыргыз элинин башын айлантып өлүм көбөйүп кетти. Чара көрүү керек. Түркия дарыланууга квота берген экен. Тааныш-билиш, туугандарынын кийлигишүүсү менен бөлүнүп жатыптыр. Ишин караш керек», — деди ал.