Депутат: «Казынаны эптеп толтуруу үчүн сойкуканаларды, баңгизатты да мыйзамдаштыралыбы?»

Кечээ, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаттары кумар оюндарын мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ал эми мыйзам долбоор добуш берүүгө коюлганга чейин депутаттар долбоор боюнча өз ойлорун айтышты.

Депутат Нуржигит Кадырбеков айрым өлкөлөрдө сойкуканалар да, баңгизаттар да мыйзамдаштырылганын айтып, «бюджетти эптеп толтуруу үчүн ошол жолго барууга туура келет го» деген оюн айтты. «Бул туура эмес. Бул мыйзамды четке кагалы, эл-журт бизди бул үчүн шайлаган эмес», — деди ал.

Бирок долбоорго 55 депутат «макул», 14 депутат «каршы» добуш берди, 69 депутат катталды.