Депутат Керкидан тилкесинде Өзбекстан жол куруп жатканын айтты

Депутат Өмүрбек Бакиров Өзбекстан Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан тилкесине жол кура баштаганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

«Эки күндөн бери Өзбекстандын күч органдары ошол жерде жол куруу иштерин жүргүзүп жатат. Эки өлкөнүн ортосунда чек араны такташуу боюнча комиссия түзүлгөн. Ал жол Кыргызстандын макулдугу менен гана курулушу керек. Мына ушул жолду токтотуп туруу зарыл», — деди депутат.