Депутат: «Ким аферист экенин далилдеш үчүн министр Алымкадыр Бейшеналиевди чакыралы»

«Бир жумадан бери 4-оорукананын айланасындагы чуулгандуу окуя болуп жатат. Мен таластык болгон үчүн Таластан аксакалдар келди». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирди.

«Жаштар да чалып жатышат. Биз президент, министрдин реформасын колдойбуз. Бирок айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле дегендей болуп, таластыктар аферист деп. Ким аферист экенин далилдеш үчүн министрди чакырбайлыбы», — деди ал.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-ооруканага барып, эмгек жамаат менен сүйлөшүү учуруда «ал да аферист, ал да таластык» жана «башкы дарыгер кызматына таластык эмести дайындаш керек, пол жууганына чейин таластыктар экен» деген сөздөрдү айткан учурда тартылган видео тараган. Кийинчерээк министр айтылган сөздөрү үчүн кечирим сураган.